23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү

Урматтуу мекендештер, бүгүнкү Эне тил майрамыңыздар кут болсун!

         Кыргыз тили – кыргыз элинин улуттук тили, баа жеткис мурасы жана улуу тарыхы. Кыргыздардын тарыхындагы улуу “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору, каада-салттары бүгүнкү күнгө чейин унутулбай, муундан-муунга айтылып келе жатат. Ата-бабаларыбыздан мурас болуп келе жаткан Эне тилибизди сыйлайлы, өнүктүрөлү жана даңктайлы!

Бирге журөм, эне тилин кадырлайм,

Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.

Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,

Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм.

Сиздерди урматтоо менен, Илимий китепкананын эмгек жамааты.