Чынгыз Айтматов — ааламдын алп жазуучусу

2021- жылдын 23-декабрында КРЭАУнун Илимий китепканасынын окуу залында, Азыркы тилдер кафедрасы менен Илимий китепканасы биргеликте уюштурган, кыргыз элинин залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө жана Адабият күнүнө арналган “Ааламдын алп жазуучусу” аттуу адабий кече болуп өттү. Кеченин жүрүшүндө Ч.Айтматовдун калемине таандык китептердин көргөзмөсү, жана ошондой эле окуу жайдын Филология жана коммуникация факультетинин студенттери тарабынан уюштурулган жазуучунун чыгармаларынан чакан сахналык көрүнүштөрү студенттерге тартууланды.